Биз социалдык тармакта

Рамзан Кадыровго "журт атасы" титулу берилди

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго "журт атасы" титулу берилди. Мындай чечимди аталган өлкөнүн парламенти кабыл алганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгиленгендей, депутаттар кечээ, 9-февралда республикалык Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү бир добуштан колдогон. Ага ылайык, аймактын башчысына чечен тилинде "Мехк-Да" ("журт атасы" деген маанини билдирет) деген аталыштагы наам ыйгарылды.

"Мехк-Да" түшүнүгү "Чеченстандын башчысынын диндин, улут менен анын кызыкчылыгынын, маданиятын, тарыхын жана каада-салтын коргоочусу катары ролун толук көрсөтөт",- деп белгилешти депутаттар.

Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан тартып башкарып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан