"Аман калыш үчүн өзүмдүн заарамды ичтим". Түркияда урандынын астынан 94 сааттан кийин табылган өспүрүмдүн видеосу

Түркияда жан сактоо үчүн өз заарасын ичкенге мажбур болгон өспүрүм жер титирөө болгондон 94 саат өткөндөн кийин урандылардын алдынан чыгарылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Анда окуя Газиантеп шаарында орун алгындыгы айтылат. Урандылардын алдынан чыгарылган өспүрүм куткаруучуларга кандай сезимдерге кабылганын айтып берген.
Өспүрүм: - Аман калыш үчүн өзүмдүн заарамды ичтим. Кудайга шүгүр, аман калдым.
Куткаруучу: - Урандынын астында жатканда кандай сезимде болдуң?
- Бир гана силердин келишиңерди күттүм, өзүм жалгыз. Кудайга шүгүр, келдиңиздер. Баарыңыздарга рахмат!
- Ылдый жакта дагы башка үндөр угулган жокпу?
- Менин итим бар эле, ошонун үнү угулду.
- Биз сиздин итиңизди дагы издейбиз.
Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүү Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда 20 миң 665 адам мерт болду, ал эми Сирияда 3,5 миңден ашуун кишинин сөөгү табылганы айтылууда.

Видео: ТРТ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан