Сирияда жер титирөөдөн кийин кыйраган имараттын урандыларынын астында ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.
Андагы маалыматка караганда, Алеппо провинциясынын Африн аймагында урандылардын астында төрөлгөн ымыркай куткарылганда киндиги дагы деле апасына туташып турган. Ал жер титирөөдөн кийинки алгачкы сааттарда төрөлгөн. Ымыркай беш сааттан кийин урандылардын астынан чыгарылган.
Ага Айя (Керемет) деген ысым коюшкан. Учурда Айя ооруканада экендиги айтылат. Ал эми ымыркайдын ата-энеси жана төрт бир тууганы урандылардын астында калып набыт болгон.
Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүү Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.