Түркияда жер титирөөдөн 159 саат өткөндөн кийин 3 жаштагы Явуз Камбаз аттуу наристе урандылардын алдынан тирүү табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Анда окуя Кахраманмараш шаарынын "Он эки шубат" районунда орун алганы айтылат. Наристе Тажикстан менен Түркиянын куткаруучулары тарабынан жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин алкагында табылган.
"Топурактын арасынан таптык. Баланын абалы жакшы. Тирүү, ал тургай күлүп жатат", - деди куткаруучулардын бири.
Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүү Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.