Түркиядагы зилзала: Каза болгондордун саны 36 миңден ашты

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 36 миңден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Түркияда каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетип, 80 миң 278 киши жабыркады. Кырсык болгон аймактан 158 миң 163 адам эвакуацияланды.

Ал эми Сирияда жер титирөөдөн кийин 4614төн ашуун адам каза болгон.

Белгилей кетсек, Түркиянын түштүгүндө 6-7-февраль күндөрү миллиондон ашык адам жашаган Газиантеп провинциясына жакын жерде бир катар күчтүү жер титирөөлөр орун алган.

Кырсык болгон аймактарда издөө-куткаруу жана урандыларды тазалоо иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан