Түркиядагы жер титирөөдөн олуттуу зыянга учураган Нурдагы шаарын толугу менен бузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, куткаруу иштери аяктагандан кийин бийлик шаарды толугу менен калыбына келтирүүнү көздөп жатат.
"Биз чоң кырсыкты баштан кечирдик. Шаарды кайра куруу чечимин кабыл алдык. Урандылардын алдынан баарын алып чыгып жатабыз, шаар толугу менен талкаланды. Үйдүн урандыларынын астынан эле 150 адамдын өлүгүн таптык. Эми шаар кайрадан курулат", - деген облус губернатору Осман Билгин.
Осман Билгиндин айтымында, Нурдагыдагы издөө-куткаруу иштери урандылардын астында калган акыркы сегиз үйдүн аймагында уланууда.
Нурдагы - Газиантеп облусунун район борбору. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыкка чейин шаарда дээрлик 17 миң адам жашаган.