Бүгүн, 15-февралда Жаңы Зеландияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Парапарауму шаарынан 50 чакырым түндүк-батышты карай, 57 чакырым тереңдикте болгон.
Учурда келтирилген зыян жана мүмкүн болгон жабырлануучулар тууралуу маалымат такталып жатат.
Аталган өлкөдө эң катуу жер титирөө 2011-жылдын февраль айында болгон. Анын күчү 6,3 баллга жеткен. Анын кесепетинен көптөгөн үйлөр кыйрап, 185 адам каза болгон.