Түркияда орусиялык куткаруучулар урандынын алдынан 150 миң доллар таап алышты (фото)

Орусиялык куткаруучулар Түркияда турак жайдын урандыларынын астынан ири суммадагы акча таап алышты. Мындай маалымат Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

"Куткаруучулар катуу жер титирөөдөн кийин урандылардын дагы бир катмарын ачып жатканда 100 долларлык купюралар толтурулган идиш табышты. Идиштин ичинде жалпы 150 миң доллар өлчөмүндөгү каражат болгон. Ал инвентаризациялоо үчүн аймактык полицияга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 41 миңден ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан