
Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай шаарында уранды алдында калган үч адамды тирүү алып чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, алар жер титирөөдөн кийин кыйраган уранды алдында 13 күн же 296 саат жаткан.
Куткарылгандардын бири аял, экинчиси эркек, үчүнчүсү жаш бала. Учурда алар ооруканада экени айтылды.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 170тей кызматкери Түркияга издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген.