Болгарияда мыйзамсыз мигранттарды ташып бара жаткан дагы бир жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаада мыйзамсыз 43 мигрант болгон, анын ичинен 10у жаш балдар. Жүк ташуучу унаа Болгариянын батышындагы Ихтиман шаарына жакын жерде кармалган. 43 мигрант тең жүк ташуучу унаада көпкө жатканына карабай дени сак болгон.
Полиция жүк ташуучу унааны май куюучу жайга акча төлөбөй койгондуктан токтоткон. Айдоочу кармалды.
17-февралда Болгариянын полициясы Ооганстандан келген 18 мыйзамсыз мигранттын муунтулуп өлтүрүлүшүнө байланыштуу жети адамды камакка алган. Алар Софияга жакын жерде ташталган жүк ташуучу унаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа жыгач ташуу менен алектенип, жыгач тактайлардын астына 52 адамды ташып бара жаткан. Ооганстан жарандары Түркиядан Европага бара жаткан.