Орусия КМШ өлкөлөрүн Батыш менен диалогдо этият болууга чакырды

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Орусия КМШга кирген Борбор Азия өлкөлөрүн батыш өлкөлөрү менен диалогдо этият болууга чакырды. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

"Ушундай кырдаалда биз Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүздү батыш өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү курууда мүмкүн болушунча этият болууга чакырабыз", - деген ал.

Буга чейин Галузин АКШнын өзүнүн аскерий инфраструктурасын КМШ мейкиндикте жайгаштыруу ниетин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан