Казакстанда тик учак кулап 4 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Жарандык авиация комитетинин маалыматына таянып жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, кечээ, 23-февралда Түндүк Казакстан облусундагы Чапурино конушунан алты чакырым алыстыкта Ми-8 тик учагы ийгиликсиз конгон.
Анын кесепетинен төрт киши каза болуп, дагы эки жаран жаракат алган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.
Маалыматка караганда, "Казтрансойл" компаниясынын буйрутмасы менен мунай куурун айланып учуп жүргөн тик учакта беш экипаж мүчөсү жана эки жүргүнчү болгон.
Кырсык болгон жерде Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин Транспорттогу кырсыктарды жана инциденттерди иликтөө департаментинин кызматкерлери иш алып барууда.