Санкт-Петербургдагы "Пулково" эл аралык аэропорту учактарды кабыл албай дагы, жөнөтпөй дагы жатат. Мындай маалымат Санкт-Петербург шаарынын администрациясынын телеграм каналына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, "Пулководо" каттамдар 12 саатка чейин кармалууда. Ошол эле кезде аэропорт жана анын кызматтары штаттык режимде иштеп жатат. Аэропорттун убактылуу жабылуу себебинин расмий маалыматы айтыла элек.
Санкт-Петербургдун үстүндө абада жарандык учактар жок. Шаардын үстүндөгү аба мейкиндиги жабык, алдын ала маалыматтар боюнча, белгисиз аппарат изделүүдө.
BAZA телеграм каналынын маалыматына караганда аэропорттун аба мейкиндигиндеги 200 чакырым радиус жабык. Абага истребителдер көтөрүлүп, чек арадан мыйзамсыз өткөн белгисиз объектти издеп жатышат.
Мындай сигнал менен бардык учактар тез арада конууга же аймактан чыгып кетүүгө милдеттүү.