Түркия менен Сириядагы күчтүү жер титирөөлөрдү алдын ала айткан илимпоз Фрэнк Хугербитс эми март айына карата божомолун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал катуу жер титирөө март айынын башында болорун, жер титирөө Орусияга чейин жетерин белгилеген.
"Мен аша чапкан жокмун. Мен коркуу сезимин жайылтууга аракет кылбайм. Бул жөн гана эскертүү, анткени планетанын критикалык геометриясы чоң сейсмикалык окуяларды жаратат", - деген ал.
Анын айтымында, кийинки жер титирөөлөр 2-марттан 7-мартка чейин болушу мүмкүн жана жер титирөөнүн күчү 8,5 баллдан ашат. Сейсмологдун айтымында, жер титирөө Орусияда да сезилет. Мындан тышкары, Португалия, Греция, Пакистан жана Түндүк Американын бир бөлүгүндө катуу жер титирөөлөр болот.
3-февралда ал твиттердеги баракчасына Түркия менен Сирияда күчү 7,5 жана андан жогору болгон жер титирөө тууралуу эскертүү жарыялаган.
"Эртеби-кечпи бул аймакта күчү болжол менен 7,5 баллга жеткен жер титирөө болот”, - деп жазган ал.
Үч күндөн кийин эле 6-февралда аталган мамлекеттердин чек арасында мындай өзгөчө кырдаал болгон.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Хугербитстин болжолдоолору мистика деп аталат, анткени ал 2015-жылы Непалда 8 миң адамдын өмүрүн алган жер титирөөнү дагы алдын ала айткан.