Птаха деген ат менен белгилүү болгон рэпер Давид Нуриев Донецкте катуу аткылоого кабылып, дайынсыз болуп жатат. Мындай маалымат телеграм каналдарга жарыяланды.
Ал кесиптештерине жөнөткөн акыркы видеосунда жашынып жатканы көрүнгөн. Ошондой эле аткылоого кабылганын айткан.
Видеодо анын колуна автомат кармап, бронежилет кийип жүргөнүн көрүүгө болот.
Анын телефону учурда өчүрүлгөн болууда.