Кытай лидери Си Цзиньпин келерки аптада Орусиянын баш калаасына барышы мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымат булактарына таянып билдирди.
Басылманын материалында Кытайдын президенти Москвада Владимир Путин менен жолугушууга ниети бар экени айтылат. Бирок Кытай лидеринин сапары тууралуу кененирээк маалымат бериле элек.
Кытайдын лидери 2022-жылдын аягында Путинден Орусияга баруу сунушун алган. Андан соң Путин Си Цзиньпиндин Москвага сапары дүйнөгө орус-кытай байланыштарынын бекемдигин көрсөтүп, эки мамлекеттин саясатындагы негизги окуя болуп каларын белгилеген.
Буга чейин Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө Кытайдын төрагалыгына кайра шайланган. Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары бир добуштан саясатчынын пайдасына тандоо жасашкан.