Популярдуу ырчы жана актриса Селена Гомес макияжсыз түшкөн сүрөтүн жарыялап, Instagram колдонуучуларынын көңүлүн бурду.
Селена Гомес социалдык тармактагы баракчасына мүмкүн болушунча табигый болгон сүрөттөрүн жарыялады. Ал бир нече селфиге түшкөн, анда көздүн астындагы терисинин бир аз кызарып калганын көрүүгө болот.
Селена Гоместин бул сүрөтү учурда 16 миллиондон ашык "жакты" белгисин алды.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул сүрөттү Хейли Бибер менен миллиардер Кайли Женнерге жооп деп аташууда. Себеби алар жакында эле Селена Гоместин сырткы көрүнүшүн шылдыңдап, талкууга калышкан.
Анын Instagram баракчасында учурда 398 миллиондон ашык колдонуучусу бар. Муну менен ал Instagram'да дүйнөдөгү эң көп катталуучусу бар кыз болду.