Кыргыз куткаруучулары иштеген Кахраманмарашта кайрадан жер титиреди

Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Түркия өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгы (AFAD) билдирди.

Жер титирөө шейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:47де Гексун аймагында катталган. Жер титирөөнүн очогу жети километр тереңдикте болгон. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Кахраманмарас провинциясында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөөлөр катталган. Жер титирөө Түркиянын өзүндө жана коңшулаш Сирияда көптөгөн кыйроолор жана жоготууларга алып келди. Каза болгондордун жалпы саны 48 миңден ашты. Түрк бийлиги жер титирөөнү “кылымдын катастрофасы” деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан