Нурсултан Назарбаев операциядан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты (фото)

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев "Астана Опера" театрында Мажилиске шайлоодо добуш берүүгө келди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал шайлоо участогуна добуш берүү үчүн келип, андан кийин казакстандыктары келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Нооруз элибизге жаз кубанычын, жылуулукту алып келсин. Ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, жакшылыктарды каалайм", - деген ал.

Бул экс-президенттин жүрөгүнө операция жасалгандан берки биринчи эл алдына чыгуусу.

Ушул жылдын январь айында Назарбаев Астанадагы Улуттук илимий кардиохирургия борборунда жүрөгүнө пландуу операция жасаткан. 82 жаштагы саясатчы мамлекет башчысы болуп 1991-жылдан 2019-жылга чейин иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан