Түркияда оппозиция Эрдоганды шайлоодон четтетүүнү талап кылды

Түркиянын үч оппозициялык партиясы азыркы президент Режеп Тайып Эрдогандын талапкерлигин президенттик шайлоодон алып салууну талап кылышты. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, оппозициячылар Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясына тиешелүү кайрылуу жолдошкон. Түркиядагы “Жакшылар партиясы”, “Демократия жана өнүгүү партиясы” жана “Ата Мекен” партиялары Эрдогандын каттоосун жокко чыгарууну талап кылууда. Алардын баары түрк президентинин негизги оппоненти Кемал Кылычдароглуну колдошот.

Оппозициянын пикиринде, азыркы президенттин талапкерлиги өлкөнүн баш мыйзамына каршы келет. Алар Режеп Тайып Эрдогандын азыркы мөөнөтү экинчи болуп саналарын билдиришүүдө.

Бирок түрк бийлиги 2017-жылы өткөн конституциялык референдумдан кийин Эрдогандын президенттик мөөнөтү нөлгө түшүрүлгөнүн жана оппозициянын бардык дооматтары эч кандай юридикалык негизге ээ эмес экендигин билдирген.

Түркияда президенттик шайлоо 14-майга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан