Санкт-Петербург шаарындагы кафелердин биринде жардыруу уюштуруп, аскер адамы Владлен Татарскийдин өлүмүнө шектелген Дарья Трепова Орусиядан учуп чыгып кетүүгө камынган. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, шектүү Дарья Трепова жардыруу болгон жекшемби күнгө учакка билет сатып алган. Бирок Трепова "Пулково" аэропортуна келген эмес. Кыздын кайда уча турганы айтылган жок.
Кечээ, 2-апрелде Санкт-Петербургдун борборундагы кафелердин биринде жарылуу болгон. Окуянын кесепетинен аскер адамы Владлен Татарский (чыныгы аты-жөнү - Максим Фомин) каза болуп, 30дан ашык адам жаракат алган.
Орусиянын ички иштер министрлиги Треповага издөө салган. Тергөө ал кафеге жардыргыч зат салынган статуэтканы алып келгенин айтты.
Учурда Дарья Трепова кармала элек, аны издөө иштери уланууда.