Санкт-Петербургдун борборундагы кафелердин биринде жардыруу уюштурууга шектелип издөөгө алынган Дарья Трепова кармалды. Мындай маалыматты Орусиянын тергөө комитети расмий сайтына жарыялады.
Маалыматка ылайык, ал Санкт-Петербург шаарынын Выборгск районундагы батиринен кармалды. Ал жардыруу болгондон кийин өзүнүн имиджин өзгөртүүгө аракет кылган, тагыраагы чачын кыркып салган. Ал жардыруудан каза болгон Владлен Татарскийдин кечесине башкача чач жасалгасы менен келген.
Кечээ, 2-апрелде Санкт-Петербургдун борборундагы "Street Food Bar №1" кафесинде жарылуу болгон. Окуянын кесепетинен аскер адамы Владлен Татарский (чыныгы аты-жөнү - Максим Фомин) каза болуп, 30дан ашык адам жаракат алган.
Орусиянын ички иштер министрлиги Треповага издөө салган. Тергөө ал кафеге жардыргыч зат салынган статуэтканы алып келгенин айтты.