Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миң 399 адамга жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, каза болгондордун өздүгүн тактоо уланып жатат. Ал эми көз жумгандардын саны өзгөрүшү мүмкүн экени кошумчаланды.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөөлөр орун алган. Кырсык өлкөнүн 11 провинциясында жана коңшу мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилген.
Түрк бийлиги жер титирөөнү “кылымдын катастрофасы” деп атаган.