Улуу Британиянын 37 жаштагы тургуну Кит Макдональд балдарына алимент төлөбөө үчүн өз өлүмүн ойлонуштурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кит Макдональддын 15 аялдан 16 баласы бар. Ал биринчи ирет 15 жашында ата болгон. Ал эч жакта иштеген эмес, ошол себептен балдарына алимент төлөбөө үчүн өз өлүмүн алдын-ала ойлонуштуруп, каза болгондугу тууралуу маалымат жарыялоого аракет кылган. Бул кадамы үчүн ал "Британиядагы эң начар ата" деген атка конду.
Учурда ал 2015-жылы таанышкан 6 жашар уулунун апасы менен жарашкан, аялдын айтымында, алардын мамилеси бул ирет олуттуу.