Өзбекстанда белгилүү актёр жана режиссёр Мурад Раджабов 74 жашында каза болду. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, маркум актёр узакка созулган оорудан улам каза тапкан.
Мурад Ражабов 1949-жылы Ташкентте төрөлгөн. А.Н.Островский атындагы Ташкент театр-көркөм институтунун актёрдук факультетин бүтүргөн. Ал Мукими атындагы драма театрынын директору болгон. Өзбекстандын эл артисти.
Белгилей кетсек, Мурад Раджабов Өзбекстанда гана эмес, КМШ өлкөлөрүнө таанымал актёр.