Дубайда 16 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды

Бүгүн, 16-апрелде Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өрт кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, өрт шаардын эски базары жайгашкан Аль-Рас районунда чыккан. Тилсиз жоодон 16 адам каза болуп, тогузу жаракат алганы айтылат.

"Аталган аймактын тургундары төртүнчү кабаттан өрт чыкканына күбө болушкан. Алардын айтымында, өрт кондиционердин бузулушунан улам келип чыккан.

Биринчи, экинчи жана үчүнчү кабаттын жашоочулары тепкич менен качып, балкондорунан жип менен ылдый түшүшкөн. Ал эми төртүнчү кабаттын жашоочулары коридорлор түтүнгө толуп кеткендиктен чыга албай калышкан", - деп жазылат маалыматта.

Жарандык коргонуу кызматы тилсиз жоо имараттын коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан чыкканын билдирген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан