Еревандагы Европа чемпионатында Азербайжан менен Түркиянын желегин айрып салышты

Армениянын борбору Ереван шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Европа чемпионатында белгисиз адамдар илинип турган Азербайжан жана Түркиянын желегин айрып салышты. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Эки өлкөнүн айрылган желектеринин сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады. Андан кийин чемпионаттын уюштуруучулары Түркиянын желегин алмаштырып, Азербайжандын желегин алып салышкан.

Ишемби күнү Армениянын борборунда Европа чемпионатынын ачылыш аземинде Азербайжандын мамлекеттик желеги менен чагымчылдык уюштурулду. Тагыраагы, парад учурунда сахнага Азербайжандын желегин көтөргөн кыз чыкканда уюштуруу тобунун мүчөлөрүнүн бири аны кармап алып желекти өрттөп, андан соң залдан чуркап чыгып кеткен.

Бул окуядан кийин Азербайжан Еревандагы Европа чемпионатынан оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрүн кайтаруу чечимин кабыл алды.

Азербайжан тараптын билдирүүсүндө мамлекеттик желек өжөрлүк менен өрттөлгөнүн жана муну расмий түрдө даярдалган адам жасаганы баса белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан