Судан армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы кагылышууда Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түндүк Дарфур штатынын Кабкабия шаарында Судандын коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууда Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери набыт болгон. Судандагы кырдаал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде 17-апрелде талкууланат. Көптөгөн өлкөлөр Суданга ок атууну тезинен токтотууну талап кылышууда.
15-апрелде Судандын борбору Хартумда Судан армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда оор куралдарды колдонуу менен кагылышуу башталган. Кагылышуу дагы да токтой элек. Акыркы маалыматтар боюнча кагылышуудан 58 адам каза болуп, 500дөн ашуун киши жаракат алды.