"Blackpink" тобу "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түштүк кореядагы белгилүү “Blackpink” тобу YouTube каналындагы көрүүлөрдүн саны боюнча дүйнөлүк рекорд жаратып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди.
Топтун расмий YouTube каналындагы көрүүлөрдүн саны 30 миллиарддан ашып, Жастин Биберди басып өткөн. Аталган канал 2016-жылы июнь айында түзүлүп, учурда 87 миллионго жакын катталуучу бар.
Белгилей кетсек, “Blackpink” тобу 2016-жылы түзүлгөн. Топ Жису, Женни, Лиса жана Розе аттуу 4 катышуучудан турат.