Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Неймар экинчи ирет ата болот. Бул тууралуу футболчу Instagram баракчасы аркылуу билдирди.
"Биз сенин жарык дүйнөгө келүүңдү пландап жатабыз, сен биздин сүйүүбүздү толуктап, бактылуу кыласың. Сен эң сонун үй-бүлөгө туш болосуң. Батыраак кел уулум, биз сени күтөбүз!, - дейт ал.
Маалым болгондой, 31 жаштагы Неймар менен 29 жаштагы сүйүктүүсү Бруна Бьянкарди уулдуу болушат. Түгөйлөр 2020-жылдан бери сүйүү мамиледе.
Белгилей кетсек, Неймардын мурунку мамилесинен 2011-жылы төрөлгөн уулу бар.