Алматыда мектепте бомба бар деген билдирүүдөн улам кызматкерлер эвакуацияланып, окуу токтотулду

Казакстандын Алматы шаарында да бир нече мектептерге бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам кызматкерлер эвакуацияланып, текшерүүгө алынганын казак маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шаардын борборундагы мектептердин бирине полиция кызматкерлери таңкы саат 6:45те барышкан. Имарат курчоого алынып, бардык кызматкерлер эвакуацияланган.

Мектептеги коопсуздукту текшерүү саат 10го чейин созулуп, сабактар ​​башка күнгө жылдырылган.

Ал эми жогорудагы маалымат боюнча полиция кызматы тастыктап, учурда текшерүү иштери уланып жатканын билдирген.

"Бүгүн шаардагы бир нече орто мектептерде жарылуучу зат бар деген билдирүү түшкөн. Мындай билдирүүлөргө алгачкы чара көрүүнүн алкагында учурда шаардын өзгөчө кырдаалдар кызматы аталган объекттерде текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин бир нече мектептер текшерилген, маалымат жалган болуп чыккан. Иш уланууда", — деп билдирген Алматы полициясынын басма сөз кызматы.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан