Казакстандын тургуну үлпөт тоюнда торттон жасалган көйнөк кийип интернет сынга кабылды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Сүрөттөрдөн колукту торттон жасалган үлпөт көйнөгүнүн формасын бузуп албоо үчүн абайлап басып жүргөнүн жана өз кезегинде келген коноктор тортту кесип жегенге аракет кылганын көрүүгө болот.
Мындай өзгөчө форматтагы тойду интернет колдонуучулары талкууга алышты.
"Нандан шоу жасаган уят!", "Нан менен ойной тургун токчулук мезгилде жашап жатабыз", "Торт абдан кооз жасалыптыр, бирок мен мындай идеяны колдобойм", - деген комментарийлер жазылууда.
Ал эми торттун автору Самалдын айтымында, торттун бир дагы кесими ысырап болгон эмес.
"Торттун идеясы чет өлкөлүк кондитерлерден алынган. Аны жасоого көп убакыт жана күч жумшалды. Бул абдан чоң эмгек. Тортту эч ким тебелеген жок. Мени колдогондорго рахмат. Буюрса, дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлөм деген ишенимдемин", - дейт ал.