Супер фактылар: Эмне үчүн адамга кал чыгат?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Теринин ички катмары (дерма) менен эң үстүнкү катмарынын (эпидермистин) ортосунда жайгашкан жаңы клеткаларды жаратуучу бүртүкчөлөрдүн өңүнүн өзгөрүүсүнөн улам кал жана меңдер пайда болот. Тери көйгөйлөрүнүн келип чыгышынын эң негизги себептеринин бири - организмде кальцийдин жетишсиздиги.

Меңдердин пайда болушунун бир нече себептери:

1. Тукум куучулуктан, тагыраагы, ата-энеден балага өтүшү. Дененин белгилүү бир жеринде мең пайда болот.
2. Зыяндуу күн нурунан. Ультрасыя нурларынын ашыкча таасири меланиндин (табигый тактардын) көп чыгышы менен коштолот.

3. Гормоналдык өзгөрүүлөрдөн. Гормоналдык бузулуулардын (стресс, оору, төрөттөн кийин) натыйжасында жаңы
меңдер пайда болуп, эски меңдер жоголот.

4. Радиация, рентген, вирустар жана ар кандай жаракаттардан. Мунун баары пигменттүү клеткалардын эпидермиске өтүшүнө алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан