Кытайдын Гуанси-Чжуан автономиялык районунда каза болду деп жерге көмүлгөн адам аялынын жардамы менен тирүү калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, эркек адам көптөн бери ооруп жүргөн. Аны үйүндө ата-энеси жана аялы иштеп багып келген. Апасы адаттагыдай баласына тамак берүү үчүн келип, анын эс-учун жоготуп жатканын көрүп, "Тез жардам" чакырган. Дарыгерлер келип, бейтаптын кан тамыры сокпой калганын жана ал каза болгонун айтышкан.
Аны акыркы сапарга узатууда аялы мүрзөгө жүгүнүп жатып, күйөөсүнүн кыйкырганын уккан. Ал жанындагыларды дароо жардамга чакырып, мүрзөнү казышкан. Жыйынтыгында каза болду деп көмүлгөн бейтап тирүү табылган. Ал дароо ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлер кытайлык жарандын кант диабети менен ооруганын аныкташкан. Узакка созулган дарылоонун жоктугунан улам ал эс-учун жоготуп, кан-тамыры алсырап калган. Аны дарыгерлер өлүм менен жаңылыштырып алышкан.
Дарыгерлер бейтап кычкылтектин кескин жетишсиздигинен улам мүрзөдөн ойгонгон деп болжолдошууда.