АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп ыдык көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылды 

АКШда арачылар соту өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трампты журналист жана жазуучу Жин Кэроллго сексуалдык ыдык көрсөтүүгө күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Манхэттен федералдык сотунун 9 кишиден турган арачылар соту 3 сааттык кеңешүүдөн соң жабырлануучуга Дональд Трамп 5 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат төлөп бериши керек деген чечим чыгарышты", - деп жазылат маалыматтарда.

Өкүм чыккандан кийин сот имаратынан Жин Кэролл жактоочусу менен чыгып журналисттерге комментарий бербей, унаасына түшүп кетип калган.

Ал эми Трамп сот процессине катышкан эмес. Ал социалдык тармактагы баракчасына аталган жагдай боюнча соттун чечимин "маскара" деп атап, "мен бул аялдын ким экенин билбейм" деп жазган.

Белгилей кетсек, коомчулук окуя тууралуу 2019-жылы кабардар болгон. Анда Жин Кэролл 1996-жылы АКШнын болочоктогу президенти Дональд Трамп менен Нью-Йорктогу универмагда жолукканын айткан. Жазуучунун айтымында, саясатчы башка аялга белек катары тандап алган ич кийимди өлчөп көрүүнү сунуштаган. Анын өтүнүчүнө макул болгондо Трамп Кэроллду кийим өлчөй турган жайга алып кирип зордуктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2023-05-11 10:49:00
Бир көттүн акысы 5 миллион доллар болдубу ошондо 27 жыл мурда болгон порнону кантип далилдеген?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан