Кечээ, 9-майда Пакистандын экс-премьер-министри Имран Хан камакка алынды. Мындан улам өлкөдө башаламандык башталганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, Имран Хандын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу орун алган. Анын кесепетинен бир адам мерт кетти.
Белгилүү болгондой, Имран Хан улуттук казынага зыян келтиргени үчүн камакка алынган. Бирок ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.