Ушул жылдын 24-майында борбор калаанын Жал кичи районунда "Батуми" кафеси буздурулган. Тамак-аш түйүнү Тыналиев көчөсүндө жайгашып, анын жалпы аянты 1,3 миң чарчы метрди түзөт.
25-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасынын негизинде окуя болгон жерге барып, кырдаалды иликтөөнү атайын кызматтарга тапшырган.
Ал эми 26-майда УКМК Нурдан Орунтаевге “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилгендигин билдирген.
SUPER.KG порталы соңку күндөрү калаадагы мыйзамсыз салынган объекттерди буздуруп, коомчулуктун көңүлүн буруп жаткан Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин өмүр таржымалы тууралуу айтып берет. Кеп башынан болсун...
Орунтаев Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча орун басары кызматына 2022-жылдын август айында дайындалган.
Калаа башчысынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча орун басары - Бишкектеги муниципалдык мүлктү башкаруу жана жер пайдалануу чөйрөсүн жетектейт.
Ошондой эле жеке жана юридикалык жактар тарабынан муниципалдык жер участокторун пайдалануу тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт. Муну менен бирге муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу маселелерин координациялайт. Өлкө мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыра алат.
Өмүр баяны
Нурдан Орунтаев 1988-жылы Кочкор районунун Туз айылында төрөлгөн. Бишкектеги Б.Алымов атындагы №39 орто мектебин бүтүргөн. Орусиянын Ички иштер министрлигинин Волгоград академиясы, «Юриспруденция», «Соттук криминалистика» адистигин аяктаган.