Бүгүн, 12-июлдан тарта Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин ичинде жолдорду оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, тоннелдин ичиндеги жолду оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу 12-июлдан 18-июлга чейин жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
Чектөө графиги:
- Саат 05:00дөн 08:00гө чейин;
- Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.