Буга чейин ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну кайрылган. Ал аталган конушта канализация түтүктөрү өткөрүлгөндөн кийин унаа жол чөгүп жатканын айткан.
Ленин районунун акимиатынан бул боюнча эртең, 18-июлда комиссия түзүлөрүн айтты.
"Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Арча-Бешик конушуна канализация өткөрүү иштери жүргөн. Жолдун маселеси боюнча эртең, 18-июлда Арча-Бешик конушундагы Жайыл-Баатыр көчөсүндө комиссия түзүлүп, жеринен жол маселеси каралат", - деп билдиришти акимиаттан.