Долбоор сунушталып жатканда финансы министри Алмаз Бакетаев мыйзам күчүнө кирсе орто эсеп менен 1,5 миллион сом төлөнүп каларын айткан.
Эске салсак, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында депутаттар каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө берилчү жөлөк пулдун суммасына таң калышкан. Анда мыйзамга ылайык, прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон учурда маркумдун үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилери жана ал болжол менен 21 миллион сомду түзөрү айтылган.
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон жана бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 74-беренесине таянып жооп берген. Анда кызмат өтөө учурунда каза болгондо кенемте прокурорлорго эле эмес, бардык укук коргоо органдарына, тактап айтканда, прокуратура, УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жаза аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү экени белгиленген.
Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн.