Үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин соту эртең, 27-июлда уланат. Бүгүн күбөлөрдүн гана көрсөтмөлөрү алынды.
Бүгүн, 26-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту 5-кичи райондогу үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин каралды. Сотто маркумдун апасы көрсөтмө берди. Анда ал шектүү Чыңгыз Аширалиевди тааный турганын, аны менен маркум кызынын ортосунда бала бар экенин билгенин айтты.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.