Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, Ангор районунун 54 жаштагы тургуну 2019-жылдан бери 29 жаштагы аял менен жарандык никеде жашап жүргөн. Быйыл 17-июлда алар кыздуу болушкан. Шектүү жаңы төрөлгөн кызын 19-июлда сатууга аракет кылган.
Кызы үчүн аталган жаран 35 миллион сум (265 миң сом) сураган. 19-июлда шектүү 1 миң 400 доллар жана 10 миллион сум алып жаткан жеринен кармалган.
Ал эми шектүүнүн эмнеге мындай аракетке барганы боюнча маалыматтар берилген эмес.
Учурда кармалган жаранга карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат.