Коңшу Казакстандын Уральск шаарынын 33 жаштагы тургуну бөйрөгүн сатуу үчүн учканы жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Уральск шаарынын 1990-жылы туулган А. аттуу тургуну материалдык абалынын оордугуна байланыштуу бөйрөгүн сатууну пландаган. Ал кардар таап келишим түзгөн, операция Кенияда жасалмак.
Ал бөйрөгүн сатуу боюнча жарыяны эл аралык сайтка жайгаштырган. Андан соң ага кардарлар байланышып, ал жерде 20 миң долларга сүйлөшүшкөн.
Андан кийин ал эки айдай анализ тапшырган.
Ал 30-июль күнү Алматыдагы аэропорттон учканы жаткан жеринен кармалган. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.