Криштиану Роналду баш менен киргизген голдор боюнча дүйнөлүк рекорд койду (видео)

Белгилүү футболчу Криштиану Роналду футбол дүйнөсүндө кезектеги рекордун жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта чет элдик спорт басылмалары жазды.

Португалиялык чабуулчу ойногон "Аль-Наср" клубу кечээ, 1-августка караган түнү "Монастир" менен беттешти. Оюндун 74-мүнөтүндө Роналду өнөктөшүнөн келген топту дарбазага сүзүп киргизип, командасы үчүн экинчи голду киргизди. Муну менен ал расмий беттештерде башы менен 145-голун киргизип, легендарлуу Герд Мюллерди ашып өттү. Германиялык "Бавария" клубунун мурдагы оюнчусу Герд Мюллер 1963-1981-жылдар арасындагы карьерасында башы менен 144 гол киргизүүгө жетишкен. Ал эми тизмедеги үчүнчү рекорд испаниялык Карлос Сантильянага таандык. Ал карьерасында башы менен 125 гол жараткан.

Кечээги "Аль-Наср" - "Монастир" беттешинде Роналдунун командасы 4:1 эсеби менен жеңишке жетишти. Роналду акыркы 5 беттештен берки алгачкы жолу гол жаратты. "Аль-Наср" үчүн калган голдорду 42-мүнөттө Талиска, 88-мүнөттө Абдулле-аль-Амри жана 90-мүнөттө Абдулазиз-Сауд-аль-Элеваи киргизди.

Криштиану Роналду башы менен 145-голун киргизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан