Казакстандын Алматы калаасында 16 кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Адамдар качып чыгуу үчүн күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн терезелеринен секирип кетүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрт Алатау аймагында чыкканын билдирди. Өрт бешинчи кабаттан башталып, кийинчерээк лифттин шахтасына өткөн. Көп кабаттуу үйдү түтүн каптап, ага байланыштуу адамдар батирлеринен чыга албай калышты.
Социалдык тармактарда үстүнкү кабаттардын жашоочулары терезеден секирип, ылдыйда аларды кошуналары жана окуянын күбөлөрү кармап калган видео пайда болду.