Кечээ, 2-август саат 14:30дан бери Казакстандын Жамбыл облусунда 200 гектар аянттагы куураган чөп күйүп жатат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, өрт Меркен районунун Актоган айылынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Меркен токойлорду жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо мекемесинин аймагында катталган. Басылмалардын маалыматына караганда, өрттү өчүрүү үчүн Ан-2 учагы 1,5 тонна суу алуучу аппараты менен жалпы көлөмү 16,5 тоннага жакын 11 жолу суу чачууну ишке ашырган. Ошондой эле аэровизуалдык изилдөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Казавиаспас" АКсынын ЕС-145 тик учагы тартылган.
Өрттү өчүрүүгө токой чарбасы, жергиликтүү аткаруу органдары жана Жамбыл облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаменти иштеп, жалпы 161 адам, 24 техника, 2 учак жана 1 тик учак колдонулуп жатканы айтылууда. Азыркы тапта тилсиз жоону өчүрүү иштери уланууда.