Коста-Рикада белгилүү футболчу крокодилге жем болду

Коста-Рикалык белгилүү футболчу Хесус Чучо Ортис крокодилге жем болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя Гуанакаст провинциясында катталган. Анда 29 жаштагы футболчу сууга түшүү үчүн дарыяга барган. Бир канча убакыттан кийин крокодил келип футболчуга кол салган. "Депортиво Рио Каньяс" клубунун футболчусу окуя болгон жерде көз жумган.

Жергиликтүү тургундар Ортиске жардам бере алган эмес. Ал эми полиция кызматы крокодилди атып салган.

Белгилүү болгондой, Ортистин артында бир уулу менен бир кызы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан