"Аль-Иттихад" клубунун чабуулчусу жана "Алтын топтун" ээси Карим Бензема кичи ажылык кылды. Бул тууралуу атактуу футболчу бүгүн, 7-августта өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Карим Бензема кичи ажылыктагы видеосун жүктөп, видеонун алдына аябай бактылуу экенин жазган.
Белгилей кетсек, бул футболчунун алгачкы кичи ажылыгы эмес. Буга чейин франциялык спортчу 2016-жылы да Меккени зыярат кылып кеткен.
Эске салсак, Карим Бензема франциялык футболчу, Сауд Арабиянын "Аль-Иттихад" клубунун чабуулчусу катары белгилүү. Ал Франция курамасында 97 беттеш өткөрүп, 37 гол киргизген. 2009-жылы "Лион" клубунан "Реал Мадридге" 35 миллион еврого өткөн. Испаниялык клуб менен алты жылдык келишим түзгөн. Ал "Реал Мадрид" менен 23 кубок, анын ичинен 5 жолу Чемпиондор Лигасынын кубогун жеңип алган. Төрт жолу Францияда "Жылдын мыкты футболчусу" наамына татыса, былтыр France Football версиясы боюнча "Алтын топко" ээ болгон.