Орус ырчысы Григорий Лепс өзүнөн 40 жаш кичүү кыз менен мамиледе экенин моюнуна алды

61 жаштагы орусиялык ырчы Григорий Лепс өзүнөн 40 жаш кичүү кыз менен мамиле курганын ачыктады. Бул тууралуу ал Бешинчи каналдын "Светская хроника" программасында айтты.

"Менин сүйлөшкөн кызым бар, мен ага ишенем. Ортобузда канча жаш деп ойлойсуздар? 40 жаш. Биз эркин адамдарбыз", - деген Лепс.

2021-жылдын декабрында Григорий Лепс жубайы Анна Шаплыкова менен ажырашууну чечкени белгилүү болгон. Ырчынын жубайы ажырашууга биринчи арыз жазган. Лепстин айтымында, ажырашууга жубайынын жүрүм-туруму себеп болгон.

Лепс менен Шаплыкова 2000-жылы таанышып, эки жылдан кийин баш кошушкан. Жубайлардын Ева, Николь жана Иван аттуу үч баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан