"Манас" эл аралык аэропортунун төрөгасы Манасбек Самидинов Баткенге болгон иш сапарында аэропорттогу таза суу маселеси, атайын техникаларды токтотуучу жайлар чечилүү алдында тургандыгын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, учурда аталган аэропортко атайын техникаларды токтотуучу жайлар курулууда. Ал эми аэропорттогу таза суу маселеси ушул жылы "МЭА" ААК тарабынан аткарыла турган иштердин катарында.
"Аэропорттун аймагынан суу көйгөйүн чечүү үчүн жер астынан суу чыгарылып аэропорт толук кандуу суу менен камсыз болот. Ошондой эле жаңы дааратканалар да курулуп, аэропортту атайын техникалар менен камсыздоо маселеси чечилүүдө", - деп айтылат маалыматта.